Алексей Навальныйды Германияга алып кетишти

Окуялар тизмеги 22 Авг 2020 16:16
0 ой-пикир

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды салган немис медициналык учагы 22-августта эртең менен Германияга конду. Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасы 21-августтун кечинде анын абалы оңоло баштаганын билдирип, орун которууга уруксат берген.

Орус бийлигинин элдешкис каршылашы саналган Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эс-учун жоготуп жыгылып, учак Омскиге шашылыш конгон. Дароо ооруканага жеткирилген Навальныйдын комадан чыкканы кабарлана элек.

Омск шаарынын №1 тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский Навальныйдын негизги диагнозу – “зат алмашуунун бузулушу” деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.