Сүрөт: 5 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды

Окуялар тизмеги, Фото 21 Авг 2020 15:31
0 ой-пикир

Ноокен жана Таш-Көмүрдө рейд өтүп, 5 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды
Ноокен РИИБнин жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан, балдарды социалдык коргоо боюнча комиссия менен биргеликте, тейлеген аймагында жайгашкан базарларда, коомдук жайларда, жол жээгинде мыйзамсыз кайырчылык-тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөр арасында «Тилемчи» аталышындагы атайын алдын-алуу ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат.
2020-ж. 14-августунда Ноокен РИИБнө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1986-ж.т.Ю.М. кызы 2004-ж.т. Ю.А. тай атасы жашаган Ноокен районунун Бирлик айылындагы үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгондугун билдирип кайрылган. Рейддин жүрүшүндө, жаш оспурум Ю.А. курбу кыздары менен жүргөн жеринен табылып, апасына өткөрүп берилген.
Иш-чаранын негизинде аныкталган ар бир жаш өспүрүмгө жана алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, селсаяктык, тилемчилик менен алектенишкендигин болтурбоо жана балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.