Роза Отунбаева Кембридж университетинин илимий кызматкери болуп шайланды

Окуялар тизмеги 21 Авг 2020 08:10
0 ой-пикир

Экс-президент Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын октябрына чейин Кембридж университетинин Борбордук Азия боюнча форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын чакырылган илимий кызматкери болуп шайланды. Бул тууралуу 7 канал билдирди

Кембридж университетинин Борбор Азия боюнча Форуму (GCRF) Борбор Азияны жана Евразияны изилдеп-үйрөнүү боюнча изилдөө борбору болуп саналат. Ал аталган регионду изилдөөгө өзүнүн ишмердигин арнаган Кембридж университетинин ар түрдүү департаменттеринин окумуштууларынын, изилдөөчүлөрүнүн жана студенттеринин башын бириктирип турат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.