Өкмөт экинчи толкунга даяр

Окуялар тизмеги 21 Авг 2020 08:25
0 ой-пикир

Өкмөт мерчемделген долбоорлорду жана пландарды ийгиликтүү ишке ашырып, социалдык төлөмдөрдү убагында камсыздоодо. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жума сайын өтчү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтмында, Өкмөт бюджеттин тартыштыгына жана карантиндик шарттарга карабастан, социалдык милдеттенмелерди аткарып, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. 

«Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Жылдын аягына чейин республика боюнча 79 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болору күтүлүүдө. Жакынкы арада жүздөн ашык социалдык объекттин курулушу жана ремонт иштерин, бир катар ирригациялык объекттерди бүтүрүү пландаштырылууда. Ошондой эле республика боюнча 260 чакырымдан жолго асфальт төшөө иштери уланууда. Бул максаттардын баарын аткарууга бюджеттен керектүү каражаттар бөлүнүүдө», – деп билдирди Өкмөт башчы. 

Премьер-министр ошондой элек коронавирус инфекцияга байланыштуу маселелерге дагы токтолду. Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирип, күз мезгилинде болушу мүмкүн делген пандемиянын жаңы толкунуна туруштук берүү үчүн даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.