Кордук көргөн аялдарды эмне кармап турат?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 20 Авг 2020 16:33
0 ой-пикир

Пандемия учурундагы карантинден улам үй-бүлөлүк зомбулуктун саны көбөйдү. Эгерде айымдар жана балдар чогу жашап жаткан адам тарабынан физикалык жана моралдык зыян тартып жатса, анда ал мындай эркектен токтоосуз кетиши керек. Кетиши керек! Четте карап турган адамдар дал ушундай ойлонушат. Бирок ар бир учур ар башка. Лев Толстой айткандай, ар бир үй-бүлөдө өзүнчө бактысыздык бар.

Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести абдан мыкты жазылган. Сүйүү тууралуу романтикалык окуя. Романтикалык сүйүү баяны, эркин инсандын гимни, кадыр-баркын коргогон адамдын ыры. Өз эрки менен эмес, салттын таасиринен улам турмушка аттанган жаш кыз чакырык таштап, патриархалдык коомдон тазаланган жашоого аттанат. Эркиндиктин жаркыраган жолу менен, алыстарга, жакын адамың менен бирөөнүн жаман каалоосунан алыс болууга сапар тартат.

Романтизм китептерде эле жакшы, бирок алар баатырдыктарга жетелейт. Баатырдык бул биринчи кадамдардын башталышы гана, бирок бул да өтө маанилүү.

Чыныгы жашоодо баары татаал, “башкалардын эркинин” тамыры тереңде, өзгөчө ал зордук-зомбулук менен коштолгону өтө тереңде.

Ар бир катастрофа коомдун жана андагы адамдардын көйгөйлөрүн күчөтөт. Үй-бүлө биз төрөлгөндө келген коом болсо, бара-бара ал жактагы бардык нерсе курчуй берет.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөрдүн саны (коргоо ордерин берүү менен) төмөнкүдөй болгон: зомбулук көрсөткөн эркектер – 6583, аялдар – 595.

Эми статистиканын кандай жылганын, жогорулаганын карап көрөлү. КРнын Башкы прокуратурасы 2019-жылы республика боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Жабыр тарткандардын көбү аялдар болгон – 5659, эркектер — 486.

Бул убакыттын өтүшү менен үй-бүлөлүк зомбулуктун саны азайган дегенди билдиреби? Албетте, жок!

2020-жылдын алгачкы 3 айында ИИМдин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 65%га өскөн. Натыйжада 7 аял көз жумду.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептери ар түрдүү. Жумушсуздук, жакырчылык, ичкилик, миграция, жашоо шарттын жоктугу, билимсиздик, патриархалдык салттар, эл эмне дейт деген түшүнүктөр, жабырлануучунун түшүнүгү.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар жана психологдор менен сүйлөшүп, ММКларга, социалдык тармактарга чыккан маалыматтардан улам бул көйгөйдү бир жол менен чечүүгө мүмкүн эмес деген ойго келдим.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун психологиялык механизмдерин түшүнүү үчүн мен үрөй учурган зомбулуктар тууралуу жазган жокмун. Мен Сузактагы аялдын күйөөсү мойнуна дөңгөлөк илип, муздак суу менен баштан аяк куюп жатса дагы ал тосмо арыз жазуу менен катар эле ал “адам” менен жашоосун бир “үй-бүлөдө” улантканын түшүнгүм келди. Мен бул жерде адам жана үй-бүлө деген сөздөрдү тырмакчага албай жаза албайт элем.

Мен мындай коркунучтуу жолду басып өткөндөргө, зомбулуктан жабыркагандарга суроо салып баштадым.

Күйөөсүнөн гана эмес, анын туугандарынан дагы зомбулук көргөн Юля жабырлануучу катары өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебейт. Анын айтымында, бул жерде бардык жоопкерчилик зөөкүрдө. Зөөкүр аялына, балдарынын апасына кол көтөрүп, күн көрсөтпөгөнүнүн себеби түшүнүктүү эле. Бул үй-бүлөсүнүн тарбиясы эле. Күйөөсүнүн атасы ичип, көп жолу ызы-чуу чыгарып, “үйдө ким кожоюн” экенин “чыныгы эркек” кандай болорун көрсөткүсү келчү экен.

Балким атасынан ушундай тарбия алганы үчүн бала чагынан бери эле ушундай мүнөзгө ээ болуп калгандыр.

Эмнегедир биздин коом одоно, орой сөздөрдү айтып, үнүн бийик чыгарып, баары уксун деген мамилени эрдик деп түшүнөт. Бирок мындай мамиледен канчалык темирден жасалган, цементтен куюлган нерсе болсо дагы бара-бара сынып жок болору бышык.

Юля зөөкүр күйөөсү ичип алса эмне кылып жатканын билбей каларын айтат. Ал ар кандай шылтоолорду таба берет. Мисалы, зөөкүр жаман түш көрөт, сен туура эмес турдуң, туура эмес сүйлөдүң. Телефонду карап отурасың, тигиге күлүп койдуң, айтор, шылтоо көп. Зөөкүр 24/7 бою көзөмөлгө алгысы келет.

Чеховдун «Скрипка Ротшильда» аңгемесинде орус жыгач устасы аялын “буюм” деп атайт. Үй-бүлөлүк жашоосунда бир дагы жолу аялына жакшы сөз айткан эмес, жакшы сөздү кой, жада калса, сүйлөшкөн да эмес, болгону иш тууралуу жана акча тууралуу сүйлөшчү. Бирок “сүйөм” деп ойлочу.

Бүгүнкү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп жаткандардын мээсинде дагы аялы жана балдары “буюм” деген түшүнүк бар. Коом дагы ушул мамилени колдоп келет. Балким ала качуу салтынын тамыры дал ушул жердендир?

“Мен абдан көп кечирим сурайм”, — дейт Юля. Бул адат болуп калган. Азыркыга чейин бир нерсени туура эмес айтып койдумбу, мени туура эмес түшүнүп калышты го деп ойлоно берем. Эмнеси болсо дагы деп кечирим сурап кое берем.

Жабырлануучунун коркконунун дагы бир себеби – биздин менталитет. Кандай болгон күндө дагы зөөкүрдүн туугандары ал тарапта болуп: “өзүң күнөөлүүсүң”, “уруш-талашты үйдөн чыгарба”, “уят” дей беришет.

Аял алсыз. Өзгөчө боюнда бар кезде ага жардам керек, күйөөсүнүн туугандары колдоо жана коргоо көрсөтүшпөйт.

Апасын сабап жатканда бала дагы жабыр тартарын зөөкүр ойлонбойт. Ал эми балдар физикалык жактан жабыркабаган күндө дагы психологиялык жактан жабыркашат дагы, ал чоңойгондо дагы айыкпайт.

Республикалык психикалык саламаттык борборунун психоматикалык оорулар боюнча адиси мындай учурда оору психикалык жактан тереңдеп кетерин айтат жана аны изилдөө алда канча оор. Балдар ичинде, жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын айта алышпайт. Ал эми жүрөгү коркунучка толгон аял, дайыма жинденип турган эркек бала тууралуу ойлоп да койбойт. Ошентип тымызын жан дүйнөсү жанчылган бала чоңойгондо дагы үй-бүлөсүнө жаман мамиле кылышы толук мүмкүн.

Юлядай болуп үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар психологдорго кайрылышабы? Көбүнесе жок. Ушак-айыңдан коркушат. Ошондуктан курбуларына даттанып алышат.

Милицияга кайрылышабы? “Кайрылганда эмне?” –дейт Юля. Курбу кызым бар, 3 балалуу. Күйөөсү сабайт. Үч баласы менен кайда барат? Өзү кетип калса балдарын ким карайт? Анан дагы ким эле аялын урбайт экен? Милиция болсо “өлтүрүп койсо келгиле” дегендей эле пикир калтырат. Үй-бүлөлүк зомбулук бул “жорук”, эгерде ажырашып кеткен болсоңор гана “кылмыш”.

Милиция зөөкүрдөн коргобойт. Коргоо ордени болсо иштебейт. Ооба, мага жакындабоо үчүн коргоо ордери жакшы, бирок чалып деле коркута беришет да. Кайрадан эле зомбулукка, эмоционалдык зомбулукка кабыласың.

Туугандары коркутушса эмне кылуу керек? Мисалы, кайнатаң келип, сөгүп, кол көтөрсө? Айланадагыларга деле баары бир экен…

Эгерде ал сени кайтарып, жумушуңа, эшик алдына чейин келип алсачы?

Психологиялык зомбулук бизде Мыйзамда дагы, коомчулукта дагы зомбулук катары саналбайт.

Бул жерде анча деле кеп козголбогон тема бар: бул өз балдары менен зөөкүрдүн сүйлөшүүсү. Эне буга каршы болсо дагы, мыйзам да, коом да баланы мындай байланыштан коргобойт. Атасы мектепке келе алат жана мектеп бул байланышка тоскоол болбойт.

Жабырлануучулар менен гана эмес, зөөкүрлөр менен дагы иштеш керек деген пикирлер бар. Алардын ой жүгүртүүсүн, түшүнүгүн оңдош керек. Себеби алар “туура кылып жатам” деп ойлошот.

Бирок зөөкүрдү «калыбына келтирүү» канча убакытка созулат! Коомдук аң-сезимди өзгөртпөй туруп, ар бир адамдын жеке аймакка, пикирге, кадыр-баркка, урмат-сыйга жана коргоого болгон укугун тааныбастан, бул мүмкүн эмес.

Жакында эле интернеттен үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн тез чечүү мисалын таптым.

Ал биздикиндей эле патриархалдык коомдон, салттан турган, байыркы маданияты бар өлкө болгон Индиядан чыккан ыкма экен.

Гуглдан gulabi gang дегенди терип, күчтүү айымдар менен таанышып чыксаңыз болот.

Алар күлгүн сари кийишет жана … таяк. Сампат Пал Деви курбусун күйөөсү сабап салганын көргөндө ал сүйлөшкөнү барган, бирок зөөкүр аны дагы сабап салган. Эртеси Сампат бамбук таягын менен 5 курбусун алып келип курбусунун күйөөсүнүн сазайын беришкен. 2006-жылы аялдар көйгөйдү чечүү жолун билип алгандан кийин Gulabi Gang деп аталган коомчулукка биригишкен. Жок, алар Индиядагы баардык эркектерди көзөмөлдөшпөйт. Бирок өз коомчулугунун ичинде көйгөй жаралса бат эле тартипке келтирип коюшат. Бир жолу Сампат бир аткаминерге жаман жолду көрсөткөн, ал аны менен сүйлөшпөй койгондо унаасынан сүйрөп чыккан, натыйжада жол оңдолгон.

What cannot be endured must be cured! – Чыдай албаган нерсени айыктыруу керек! gulabi gang айымдары дал ушундай пикирде.

Мен аялдарды таяк алып чуркоого чакырбайм. Бирок үй-бүлөлүк зомбулукту көргөндө күлгүн сари кийип алгым келип кетет.

Автору: Элеонора ПРОЯЕВА,

Сүрөт : Sputnik/Табылды Кадырбеков

Материал Elgezit.kg тарабынан Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин жардамы менен «Корголбогон окуялар: Зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушуудан зомбулуктун алдын алуу чараларына чейин» долбоорунун алкагында даярдалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.