Кыргызстандагы бизнеске берилген ар бир онунчу насыя ОКѲФ каражатынан алынды

Аналитика, Экономика 19 Авг 2020 13:55
0 ой-пикир

Коронавирус ылаңы пандемиясы убагында Кыргызстан экономикасы дүйнѳнүн башка ѳлкѳлѳрүндѳй эле эбегейсиз зор стресске дуушар болду. Мындай мезгилде бизнеске каржылык институттары тарабынан колдоо кѳрсѳтүү ѳтѳ маанилүү, себеби акча – кырдаал канчалык кыйын болбосун, экономиканы кыймылдатчу күч. Убагында берилген насыя кѳбүнесе ишкананы банкрот болуудан коргоп, иш орундарын сактап, элге кыйын заманды башынан ѳткѳзүүгѳ жардам бермек.

Ишкерлерге мурун болуп кѳрбѳгѳндѳй жардам берген каржы институттарынын бири –– Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондусу болду. Фондунун жетекчилиги түзүлгѳн кырдаалга ыкчам аракет жасады. Кеп пандемия убагында кризиске каршы чаралардын ѳз убагында иштелип чыгышы жѳнүндѳ жүрүп жатат. Кыска мѳѳнѳттүн ичинде «Кризиске каршы чаралардын» үч пакети иштелип чыгып, аларга мындай жеңилдетүүлѳр киргизилди:

  • негизги карызды тѳгүүнүн мѳѳнѳтүн жылдыруу менен бирге насыянын мѳѳнѳтүн 3 айга узартуу;
  • АКШ доллары менен каржыланган пайздарды тѳлѳѳгѳ үч айлык мораторий;
  • коммерциялык банктарга күрѳѳ камсыздоосу боюнча талаптарды жумшартуу;
  • айыл-чарбачылыгына жеңилдетилген каржылоо берүү;
  • аймактарда тике каржылоонун ирегесин $100 миңге чейин тѳмѳндѳтүү (мурун $200 миң берилчү);
  • ѳз ишмердүүлүгүн COVID-19 менен күрѳшүүгѳ багыттаган бизнести жеңилдетип каржылоо.

Кѳрүлгѳн чаралардын алкагында фонду «Биовит» фармацевтикалык заводу менен «Идеал-фарм» ЖЧКсын каржылоону чечти. Буларга бѳлүнүп берилген насыялар жашоого керектүү болгон дары-дармектердин кѳлѳмүн кѳбѳйтүп, аларды медициналык мекемелерге жана ѳлкѳнүн дарыканаларына жеткизүүгѳ мүмкүнчүлүк берет, бул болсо ѳз кезегинде Кыргызстандын дары-дармек коопсуздугун камсыздайт.

Беш жылдан ашуун ОКѲФ Кыргыз Республикасынын экономикасын ѳнүктүрүп келет. Анын иш-аракетинин жыйынтыгы ачык-айкын кѳрүнүп турат. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ОКѲФ зайымчыларынын жыйынды кирешеси ИДПга карата 8,7 пайызды түздү, ѳлкѳнүн бюджетине түшкѳн салыктардын топтомуна карата салык тѳлѳмдѳрү 4,5 пайызга жетти. Фондунун жардамы менен ишканалар ѳндүрүшүн кеңейтип, ички рыноктогу калктын муктаждыгын гана канааттандырбастан, ѳлкѳ сыртындагы талаптарды да аткара баштады. Ѳткѳн жылдын жыйынтыгы боюнча ОКѲФ колдоосу менен аракеттенип жаткан ишканалар жана жеке ишкерлер ЕАЭК ѳлкѳлѳрүнѳ жүргүзгѳн экспорттун кѳлѳмү 8 пайызга ѳстү. Учурда ОКѲФ республканын экономикасын демилгелеп жатат десек аша чаппайбыз.

Ушул убакытка чейин фонду $208,2 млн суммасындагы 60 ири долбоорду каржылап берди. Мындан тышкары, «Кичи жана орто бизнести каржылоо» программасынын алкагында ѳнѳктѳш банктары жана микрокаржылык уюмдар аркылуу $192,5 млн суммасындагы 2 миң 602 долбоор каржыланды. Фонду тарабынан каржыланган жеңилдетилген узак мѳѳнѳттүү ресурстардын кѳлѳмү Кыргызстандын банк системасынын насыя куржунунун 10 пайызын ээлейт.

«Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондунун жардамы менен биздин банк «Бизнес-инвест» аттуу продуктуну ишке киргизди. Жаңы насыя продуктусу боюнча биз бир топ зайым бердик, алардын негизги артыкчылыгы – пайыздык тууму. Анализибиз кѳрсѳткѳндѳй, Кыргызстандын рыногунда сунушталып жаткан ресурстарга салыштырмалуу, ОКѲФ аркылуу каржылануу эки эсе ыңгайлуу. Мисалы, банктарда ушундай эле насыяны АКШ доллары менен алганда 10 пйыздан ашуун, ал эми фонду болгону 5 пайыздан сунуштайт. Биздин ишкерлер үчүн бул мыкты мүмкүнчүлүк», — дейт «Айыл Банк» ААК нын Насыя башкармалыгынын жетекчиси Касымбек уулу Кубанычбек.

Учурда ОКѲФтун «Айыл Банктагы» аракеттеги насыя куржуну 1,5 млрд сомго бааланат.

«Фондунун республика экономикасына кошкон салымын ашкере баалоо кыйын. ОКѲФтун насыя продуктулар оң мультипликативдүү эффекти берүүдѳ, кошумча иш орундары ачылып жатат, бюджетке тѳлѳнгѳн салык ѳсүүдѳ, анан КРнын экспорттук мүмкүнчүлүгү күчѳтүлүүдѳ», — деп баса белгилейт Касымбек уулу Кубанычбек.

Фондунун дагы бир ишенимдүү ѳнѳгү «Халык Банк Кыргызстан» ААК. Булардын кызматташуусу ОКѲФ түзүлгѳндѳн бери, 2015-жылдын июнунда башталган. Ал жылы фонду банкка $3,9 млн насыя ачып берген, кийин, 2017-жылдын апрелинде дагы $4 млн берди. Учурда бул эки насыя боюнча пайдалануудагы каражат $1 млрд 351 млн жетти.

«2020-жылдын башына карата ОКѲФ аркылуу 100гѳ жакын долбоор ишке ашырылды, бул «Халык Банк Кыргызстандын» жалпы коммерциялык насыя куржунунун 6,5 пайызын түзѳт. Бул программа ишкерлик субъектилерине каржыланууга жол ачып берди. Негизги каражат – ѳндүрүүчү бизнестин негизи экенин баарыбыз билебиз, кѳптѳгѳн ишканалар советтер мезгилинен бери келе жаткан жабдууларды колдонуп иштейт, ал эми жаңысын сатып ала албайт, себеби кымбат. ОКѲФтун максаттуу программаасынын жардамы менен биз кардарларыбыздын максатын ишке ашырып, мамлекетибизге ѳнѳр жайын жаңыртып, ѳнүктүрүүгѳ жардам берип жатабыз», — дешет «Халык Банктагылар».

Фондунун ири насыяларынын бири алгач «РСК» мамлекеттик банкына берилген. Булардын кызматташуусунан бери кичи жана орто бизнести максаттуу каржылоо үчүн жалпы жолунан 1 млрд 384,9 млн сом же $17 млн 247,4 миң берилди.

«Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондусу менен кызматташуубуздун алкагында биз Кыргызстандын маанилүү тармактарында иштеген 227 долбоорду каржыладык. Ошону менен биз ѳнѳр жай жана айыл-чарба жаатындагы бизнестин ѳнүгүүсүнѳ салымыбызды коштук. Кызматташуубуз башталгандан бери ишкерлер каржылык ресурстардан жеңилдетилген шартта пайдаланууга жол ачуучу кичи жана орто бизнести максаттуу каржылоонун продуктусун иштеп чыктык. Айыл-чарбачылыгын колдоо максатында багбанчылыкты жана кластердик механизмдин бир катар продуктулары, ошондой эле эт, сүт, балык жана жер-жемиш багытындагы кошумча нарк чынжырын ѳнүктүрүүчү продуктулар ишке киргизилди», — дешет банктагылар.

Мындан тышкары ѳз ишин жаңы баштап, түптѳлүп келе жаткан ишкерлерге жагымдуу жагдай түзүү максатында стартап долбоорлорун каржылоочу насыя продуктусу иштелип чыкты дешет «РСК Банкындагылар». Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондусу расмий түрдѳ 2014-жылдын 29-майында түзүлгѳн. Ага Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда «Евразиялык интеграция шартында экономикалык кызматташууну ѳнүктүрүү жѳнүндѳ» келишимине кол коюшу негиз болуп берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.