«Табылга» саясий партиясы “Мекеним Кыргызстанга” кошулду

Окуялар тизмеги 14 Авг 2020 10:24
1 ой-пикир

«Табылга» саясий партиясы менен  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидерлери шайлоого чогуу баруу максатында меморандумга кол коюшту.

«Башкы максат Кыргызстанды анык багыттуу өлкөгө айландыруу жана кыргыз элинин жашоо шартын жакшыртуу үчүн саясий күчтөрдү бириктирүү болуп саналат» — деп айтылат меморандумда.

Буга чейин «Мекени Кыргызстан» «Бирик» партиясы менен бириккен.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров буга чейин Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына «Республика» партиясы менен барган, 6-чакырылышта «Өнүгүү-прогресс» партиясы менен депутат болуп келген. 2017-жылдан тарта ЖКнын төрага орун басары болуп дайындалган.

Сүрөт интернеттен алынды

«Табылга» саясий партиясы “Мекеним Кыргызстанга” кошулду” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.