Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркиндигинен ажыратты

Окуялар тизмеги 14 Авг 2020 13:41
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту чуу жараткан кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин карап чыкты. Маалыматта, Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратып, экс-Башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом өлчөмүндө айып салынган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын экс кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылды. Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза берилген жок. Бул жолу сот Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим күчүндө калды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.