Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында фермердик чарбанын иши менен таанышты

Окуялар тизмеги 13 Авг 2020 09:58
0 ой-пикир

Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы фермердик чарбанын иши менен таанышты.

20 гектар жери бар чарбада 12 киши иштейт. Бул жерде асыл тукум жылкы, ири мүйүздүү мал, кой жана чочко багылат. Жалпысынан миңден ашык ири мүйүздүү мал жана майда жандык бар. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов комплекстин инфраструктурасын көрүп чыгып, агроөнөр жай комплексинде өндүрүштү көбөйтүү маанилүү экендигин белгиледи.

«Чүй облусу дыйканчылык кылуу жана мал багуу боюнча эң жакшы өнүккөн аймак болуп саналат. Айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кластерлерин өнүктүрүү жана  адистештирүү региондордун өнүгүшүнө реалдуу дем бериши керек», — деп белгиледи өкмөт башчы. 

Жумушчу сапардын алкагында Кубатбек Боронов фермерлер менен жолугуп, анда айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана жеңилдетилген насыя аркылуу финансылык колдоо маселелери талкууланды.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.