Президент Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарын кыдырат

Окуялар тизмеги 12 Авг 2020 09:43
0 ой-пикир

Мамлекет башчы Ош аймагына 11-августта кечке жуук барганы кабарланды. Бирок президенттин сапарынын максаты тууралуу азырынча белгисиз.

Президенттик аппарат, жергиликтүү басма сөз катчылары мамлекет башчынын сапары тууралуу маалымат берише элек. Айрым маалымат булактарында президент Сооронбай Жээнбеков Оштон кийин Баткен облусуна бара турганы айтылууда.

Мамлекет башчы Ош облусуна июнь окуясынын 20 жылдыгын утурлай, 10-июнда келип кеткен.

Өткөн аптада өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматын тапшырган. Ал кызматтан алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кеткенин билдирген. Жылкыбаевдин ордуна өкмөт өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп анын 1-орун басары Байыш Юсупов дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.