Узарбек Жылкыбаев шайлоого кайсы партия менен бараарын айтты

Окуялар тизмеги 11 Авг 2020 17:11
0 ой-пикир

Өкмөттүн Ош жана Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Узарбек Жылкыбаев Парламенттик шайлоого “Республика” партиясынын тизмеси менен бараарын жаштар менен жолугушуу учурунда тастыктады.

“Республика” партиясынын катчылыгы да маалымат чын экенин кошумчалап, “Узарбек Жылкыбаевге окшогон жаш, күчтүү, тажырыйбалуу саясатчылардын биздин командага кошулуусу – бул жаңы күч, жаңы идеялар ошондой эле, өлкөбүдүн жана партиябыздын өнүгүшүнө импульс берет”,- деп билдирди.

Аталган партиянын лидери Мирлан Жээнчороев буга чейин “Республикада” жаңылануулар болуп, саясий кеңештин бир нече мүчөсү жана айрым Жогорку Кеңештин депутаты партиядан четтетилгенин айткан. Ошондой эле Жээнчороев белдүү саясатчылар жана саясий уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, шайлоого кызуу даярдыктар болуп жатканын кабарлаган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.