Шаиста Шатманова «Супер-Инфо» гезитинин директорлугунан кетти

Окуялар тизмеги 11 Авг 2020 18:52
1 ой-пикир

«Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кеткенин 11-августта «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, Шатманова баштаган үч кызматкер «саясий позициялар туура келбей калганына байланыштуу» деген негизде иштен кетти. Алар — Шаиста Шатманова, «Super.kg» сайтынын директору, сайттын башкы редактору.

«Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыкпады. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, жамааттын келечеги үчүн гезиттен четтөөгө аргасыз болгон эле. Андан кийин гезит менин жетекчилигимде оппозициялык багытта ишин улантып келди. Бирок ар кандай басымдарга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгууга аргасыз болдум. Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу толугу менен кетүүгө туура келди», — деген Шаиста Шатманова «Супер Инфо» гезити өз ишин уланта берерин жана ал басылмада көптөн бери иштеп келаткан адамга өткөнүн кошумчалады. Ал кетип жаткан кызматкерлер ким менен саясий позициясы келишпей калганын айткан жок.

Былтыр Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы тууралуу маалымат тарап, басылма Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү, мурдагы элчи Кылычбек Султан муну четке каккан. Ошол эле мезгилде гезиттин дареги алмашып, көп тираждуу басылма «Эльдорадо» соода борборунун экинчи кабатын ээлеген.

Июлдун аягында «Супер Инфонун» негиздөөчүсү, Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен бир нече ирет сурак берип чыккан.

Кылычбек Султан аны бийликке сын айтканы менен байланыштырган. УКМК Кылычбек Султандын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча «иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат» деп түшүндүрмө берген.

Сүрөт интернеттен алынды

Шаиста Шатманова «Супер-Инфо» гезитинин директорлугунан кетти” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Жан

    Кудай жазасын берсин тойбогондорго. Бироонун эмгегин ырыскысын тартып алгандыгы учун бул дуйноодо жакшылык корбосун!! Кудайдан наалат силерге.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.