Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Александр Лукашенкону куттуктаганын сындады

Окуялар тизмеги 11 Авг 2020 19:47
0 ой-пикир

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун Беларустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкого жолдогон куттуктоосун сынга алды. Экс-президент «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып мындай деди:

«Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым. 2010-жылы болгон окуяга чыккынчылык кадам катары баалайт элем. 2010-жылы эмне болгонун ушундай деңгээлге чейин унутушту. 7-апрель сайын «Революцияны жасагандар эмне дээр экен? Булар ким экен?» деп сынап жатышкандарын угуп эле атабыз. «Ушул революциялар бизди артка кетирди» дегендерди да угуп жүрөбүз. Кыргызстандын дүйнөдөгү азыркы орду, башка республикаларга салыштырмалуу такыр башка мамлекет болуп жатканы — биздин жетишкендигибиз. Биз ошол революцияны жасаганыбызга өкүнбөйбүз. Революция туура болгонун дагы бир жолу так, даана айтып коёт элем».

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкону Беларус президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктаган төртүнчү президент болду. Ага чейин Кытай, Орусия, Казакстан куттуктоо жиберген.

9-августтагы шайлоодо 80,23% добуш менен кайра шайланган президент Александр Лукашенко 10-августта Беларустун Улуттук биотехникалык корпорациясына барган. Анда Лукашенкону Кыргызстандын качып кеткен мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновго түспөлдөш адам, корпорациянын жетекчиси Даниил Урицкий коштоп жүргөнү кабарланды. Лукашенконун Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялаган.

Муну менен катар саясат таануучу  Руслан Акматбек төмөндөгүдөй пикирин калтырды:

“Менин түшүнбөгөнүм, биздин өлкө башчыбыз эмне анчалык Лукашенкону куттуктаганга шашты? Тиги адилеттүү жеңсе бир жөн… Бирок, массалык фальсификация, үч миңден ашуун жараны камалып, эки күндөн бери интернет жок, эртең өлкөдө массалык иш таштоо башталганы турат. Күч органдары калкын сабап, камап, автозактарга тыгып жатат. Анан ушунун баарын көрүп туруп, шашпай турса болмок. Кытай, Россия, Казакстан куттуктап жибериптир. Эми алардыкы идеологиялык тилектештик да. Биздикичи? Биз да аларга ыктап, авторитаризмге тилектеш экенибизди билдиргенибизби?!”.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.