Текебаев менен Чотоновдун соту жылдырылды

Окуялар тизмеги 10 Авг 2020 15:53
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту 12-августка белгиленди.

Мындай чечимди сот бүгүн, 10-августка белгиленген жараянда мамлекеттик котормочунун келбей калганына байланыштуу кабыл алды. Сотто котормочунун кызматын колдонуп келген Өмүрбек Текебаев мамлекет ага акча төлөбөгөнүнөн улам жараянга келбей калганын айтты.

Өмүрбек Текебаев 27-июлда пневмониядан дарыланып, ооруканадан чыккан. Анын эки жума үй шартында дарылануу мөөнөтү 10-августта аяктаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаев ооруканадан чыккан күндөн тарта үч жолу жараян дайындаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.