Бакыт Төрөбаев парламенттик шайлоого катышпайт

Окуялар тизмеги 10 Авг 2020 17:18
0 ой-пикир

«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Депутат бул шайлоодо акчанын атаандаштыгы болуп, каражат көп кетээрин, шайлоочулар программа, идея жөнүндө эмес, «Ким канча берет экен?» деген суроону көп берип жатканын айтты.

«Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы реформа жүргүзгөн, өзгөртүү кылган парламент болоруна менин көзүм жетпейт», — деп жазды Төрөбаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.