Кытайда жаңы SFTS деген ат берилген коркунучтуу вирус тарай баштады

Окуялар тизмеги 09 Авг 2020 13:22
0 ой-пикир

Алгач Кытайда коронавирус былтыр тараса, эми Кытайдын бир нече аймактарында жаңы SFTS деген ат берилген коркунучтуу вирус тарай баштады, деп маалымдады Global Times газетасы. Бул туурасында «Известия» кабарлады.

«Кытайдын чыгышындагы жайгашкан Цзянсу провинциясында ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында SFTS Virus менен 37 киши ооруган.  Ал эми кийин ошол эле чыгыш тараптагы Аньхой провинциясында дагы 23 кишиден инфекция табылган», — деп айтылат макалада.

Булардын ичинен жети киши көз жумган.

Вирустун белгилери катары медиктер калтырап-титирөөнү (лихорадка), жөтөлдү, канда лейкоциттердин жана тромбоциттердин азайып кетишин белгилешкен.

Врачтар бул вирус адамга кене чакканда өтөт деп эсептешет. Бирок ошол эле учурда инфекция адамдан адамга өтөөрүн да жокко чыгарууга болбойт деп жазат  «Газета.ру».

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.