Жээнбеков: ««Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы «бул оору качан токтойт, биз дагы айта албайбыз» деп ачык айтты»

Окуялар тизмеги 08 Авг 2020 20:20
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чара көрүлүп жатканын 8-августта КТРКнын «Биринчи радиосуна» берген маегинде билдирди.

Жээнбеков аймактардагы ооруканаларды кошумча орундар менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, азыр 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан тогуз оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы «бул оору качан токтойт, биз дагы айта албайбыз» деп ачык айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир бул оорунун ар кандай таркалышына даяр болушубуз керек. Ар кандай реформалар жана программаларды түзүшүп, алардын негизинде көп койко-орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. Алар 15 жыл, 20 жылдан бери иштебей турат. Биз бул имараттарды калктын кызыкчылыгына кызмат кылгандай кылып, капиталдык ремонттон өткөрөбүз. Мунун жыйынтыгы менен жалпы республика боюнча бейтаптар үчүн миңден ашуун орундар түзүлөт».

Жээнбеков шаарларга, облустук борборлордо жаңы типтеги ооруканалар куруларын, бейтапкана курулушуна 100 миллион долларга чейин салабыз деген ишкерлер бар экенин билдирди.

«Эң алдыңкы технология менен курабыз деген ишкерлер бар. Мындай ишкерлер биздин өлкөбүздө дагы бар», — деген Жээнбеков катуу оорудан жабыркагандардын чет мамлекеттерде эмес, Кыргызстандын өзүндө дарыланышына шарт түзүү керектигин айтты.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи. Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алып жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.