Кыргызстанда белгилүү профессор, микрохирург Мырзабек Матеев пневмониядан кайтыш болгонун Улуттук госпитал билдирди.
Мырзабек Матеев 1959-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин эмгек жолун ооруканаларда иштеп баштаган.
1994-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Улуттук госпиталда эмгектенип, пластикалык микрохирургия бөлүмүн жетектеген. Кыргыз-орус славян университетинин хирургия кафедрасынын профессору. Эл аралык маанидеги сертификаттардын ээси.
Интернеттен алынды