Кой-Таш окуясы: Сырдуу кызгылт баштыкта эмне бар экени ачыкталды

Окуялар тизмеги 08 Авг 2020 11:08
0 ой-пикир

Кечээ 7-августта мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов журналисттерге маек берип жатып, Кой-Таштагы кызгылт баштыкка токтолду. Анын айтымында, операция учурунда баштыктын ичиндеги нерсе тууралуу ойлонууга дагы убактысы болгон эмес. Анын ичинде эмне бар экенин “Атамбаевдин өзүнөн сурагыла” дейт.

Асанов белгилегендей, чуу жараткан баштык Кундуз Жолдубаеванын колуна тийип, андан кийин ИИМге өткөрүлүп берилген.

Ал эми КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, баштыкта үйдүн жана жер тилкелердин документтери болгонун Kaktus.media басылмасына билдирген. Айтымында, ал документтерди Алмазбек Атамбаев сотто колдонмок.

“Андан башка ал жерде эч нерсе жок болчу, кийин адвокаттарга өткөрүлүп берилди”,- дейт Кундуз Жолдубаева

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.