Бул туралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, учурда Баткен шаарындагы мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Ага 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мекеме 90 орунга ылайыкташат. Учурда 35 жумушчу иштеп жатат.