Курсан Асановдун сотунда Жеңиш Разаков көрсөтмө берди

Окуялар тизмеги 07 Авг 2020 16:54
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан Турсунбек Бейшенбеков менен Дамир Пайзилда уулунун жазык иши боюнча сот отуруму уланды.

7-августтагы отурумда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көрсөтмө берди.

Ал сотто буга чейин да суралган. Бирок Асановго жаңы жактоочу болуп дайындалган адвокат Икрамидин Айткуловдун Разаковго кошумча суроолору бар экени маалым болуп, судья аны кайра суракка алуу туралуу өтүнүчтү канааттандырган.

4-августта өткөн жараянда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эки өкүлү көрсөтмө берген.

Асановго карата үч иш козголгонун Башкы прокуратура кабарлаган.

Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Бул үч ишти райондук сот бириктирип карап жатат.

Асанов ИИМдеги кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.