Баткен ОИИБи: милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат

Окуялар тизмеги 07 Авг 2020 09:54
0 ой-пикир

2020-жылдын 6-августунда эртең менен саат 05.30 чамасында Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикистан тараптан белгисиз адамдар болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкерине белгисиз куралдан ок тийип, жаракат алгандыктан Баткен облусунун биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле, 6-август күнү кечки саат 18.30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде Көк-Таш айылынын жашоочусу 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстан Республикасынын аймагы тараптан белгисиз адам белгисиз ок атуучу курал менен Р.Мге карата ок чыгарган. Натыйжада Р.Мдин оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган. Бул фактылар Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 30/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы учурда, милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.