Инфекциялык оорукана Кара-Суу районунун Баш-Булак айылына курулмакчы

Окуялар тизмеги 07 Авг 2020 10:57
0 ой-пикир

Вирустун жайылышы менен республиканын бардык аймактарында инфекциялык тургай, оорукана жок экендиги болсо жагы абалы начар экендиги тастыкталды. Жаңы салынуучу облустук инфекциялык оорукана Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында эски кесиптик лицейдин ордуна курулат. Учурда лицейдин имаратын бейтапканага ылайыкташтыруу иштери 80% аяктады.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова ММКларга билдиргенине караганда, оорукананын курулушу күзгө чейин аяктап, пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

«Имараттын чатыры 80% жаңыланды, учурда терезелери жаңыдан орнотулуп жатат. Отканасынын чатыры аяктоо алдында. Жылытуучу система толугу менен алмаштырылып жатат», — деди ал.

150 орунга ылайыкташкан жаңы инфекциялык оорукана салынуучу айыл Ош шаарынан 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

Июль айында коронавирус пандемиясы күч алганына байланыштуу инфекциялык ооруканаларда орун калбай, өкмөт башка медициналык мекемелерде атайын бөлүмдөрдү ачкан. Алардын эң чоңу «Семетей» госпиталында. Ошондой эле Кыргызстандын аймактарына, Бишкек жана Ош шаарларына кошумча инфекциялык оорукана куруу зарылчылыгы келип чыккан.

Интернет колдонуучулар башка облустарга дагы ушундай ооруканалар керектигин жазышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.