Жол кырсыгынан 4 адам каза болду

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 15:16
0 ой-пикир

5-август күнү Өзгөн шаарынан Ош шаарын көздөй келаткан жеңил автоунаа жолдун четиндеги жүк ташуучу автоунааны сүзүп, эки жүргүнчү каза болду. Кырсыкка кабылгандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн дагы эки киши 6-августта көз жумду. Бир жүргүнчү оор абалда ооруканада жатат.

Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (Ош ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

«Баштапкы маалыматтарга караганда «ВАЗ 2107нин» айдоочусу уктап кетип, жолдун четиндеги «SCANIA» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн. Окуя болжол менен 5-августта эртең мененки саат бештер чамасында Бишкек-Ош автожолунун 663 чакырымында болгон», — деди Аширбаев.

Кырсык Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Тиешелүү техникалык жана соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.