Соттун чечими боюнча Жапыкеев Жумалиевге 10 миң сом компенсация төлөйт

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 13:11
1 ой-пикир

Бишкектин Ленин райондук сотунда 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин активист Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна депутаттын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди:

“Ленин райондук сотунун чечими менен Жумалиевдин Жапыкеевге карата берген доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүп алуу тууралуу чечим чыкты”.

Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде иштер башталган.

Жапыкеев жакында Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган.

Соттун чечими боюнча Жапыкеев Жумалиевге 10 миң сом компенсация төлөйт” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Эркинбек

    Биздин «гумандуу» соттон башка эмне күтмөк элек… Эшегине жараша тушагы деген ушул болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.