Чек арадагы ок атышуудан тургун жаракат алды

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 21:00
0 ой-пикир

Баткен районунун Көк-Таш айылында бир тургун октон жаракат алды, — деп билдирди аймактык кабарчы.

Окуя бүгүн, 6-августта саат 18:30 чамасында болгон. Аталган айылдын 1955-жылы туулган тургуну Р.М. небереси менен өзүнүн айдоо талаасында суу буруп жүргөн кезде тажик тараптан ок атылган. Анын кесепетинен Р.М. жамбашы менен далысынан жаракат алып, Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Баткен облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев Тажикстандын Согди облусунун чек ара башкармалыгынын башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда Баткен району менен Исфара районунун чек ара отряддарынын командирлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле элди провокацияга алдырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Ал эми милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүүнү колго алды. Учурда чек арада абал тынч, коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүп жатат.

Турмуш басылмасынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.