Баткенде экинчи ирет ок атылды

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 20:36
0 ой-пикир

6-августта саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргызстандык жаранга белгисиз тараптан эки ок тийип, жарадар болду. Жарадар болгон жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен райондук администрациянын өкүлү билдирди. Анын айтымында, ок жергиликтүү тургундун эки жерине — желкесине жана жамбашына тийген. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя учурда такталып жатканын, кырдаал көзөмөлдө экенин, кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан атканын кабарлаган. Маалыматка караганда чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болгон, дарыгерлер абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.