«Ак Шумкар» партиясы «Жаңы дем» альянсынан чыкты

Окуялар тизмеги 05 Авг 2020 15:55
0 ой-пикир

«Ак Шумкар» партиясы парламенттик шайлоо алдында «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясий альянстан чыгып жатат. Бул маалыматты 5-августта айрым массалык маалымат каражаттары жазды.

Белгилей кетсек, 5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде жарыяланган.

Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, парламенттин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол коюшкан.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Ага катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.

Партиянын лидери Темир Сариев азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.