Жогорку Кеңеш журналисттерди аккредитациялоону баштады

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 14:22
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредитациялоо боюнча комиссиясы парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн журналисттердин документтерин кабыл алууну баштады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу бул жылы документтерди кабыл алуу онлайн режимде жүргүзүлөт.

Төмөндө көрсөтүлгөн документтер сүрөткө тартылып,  дарегине жиберилүүгө тийиш.

Уюмдун расмий бланкасына жазылып, жетекчинин колу коюлган аккредитациялоо боюнча арыз Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевичтин атына берилет.

1. Аккредитациялоо боюнча арызда төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:

• ЖМКнын толук аталышы, анын ичинде:

• Басылма ээсинин, же басып чыгаруучунун аты-жөнү;

• Нускасы;

• Басылманын мезгилдүүлүгү;

• ЖМКнын жайгашкан жери;

• Таралуу региону;

• Почта дареги (анын ичинде индекси);

• Иш телефондорунун, факсынын номери;

• Электрондук почтанын дареги

2. Мурда аккредитацияланган ЖМКлар аккредитациясын узартуу үчүн арыздын сүрөткө тартылган көчүрмөсүн жиберип, ошондой эле мурда берилген аккредитациялык карточкасын чиби менен кошо тапшыруулары керек (аккредитациялык карточкаларды кайсыл күнү тапшыруу тууралуу 0558 50 00 77 телефону аркылуу макулдашса болот).

3. Мурда аккредитацияланган ЖМКлардын жаңы журналисттерин аккредитациялоо үчүн төмөндөгү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

• аккредитацияланып жаткан журналисттин аты-жөнү;

• паспорттук маалыматтары;

• расмий, же туруктуу псевдоними;

• ээлеген кызматы;

• жумуш жана уюлдук телефонунун номери;

• түстүү сүрөтү(3×4 см — көчүрмөсү эмес, жакшы сапаттыгы сүрөттүн түп нускасы);

• Анкеталык маалыматтары (резюме);

4. Биринчи жолу аккредитациядан өтүп жаткан ЖМКлар ЖМК жөнүндөгү маалыматты (пункт 1), ошондой эле кызматын көрсөтүү менен (журналист, техникалык кызматкер) бардык кызматкерлердин маалыматтарын (пункт 3) кошо тиркеп, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин атына арыз жазышат.

Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 31-августуна чейин жүргүзүлөт. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.