Оренбургдан Казакстан аркылуу КР жарандарын чыгарып кетүү боюнча макулдашуу жетишилди

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 09:02
0 ой-пикир

Россиянын Оренбург облусунан Казакстан аркылуу транзит менен кыргыз жарандарын чыгарып кетүү боюнча макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты..

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий мекемелеринин ортосунда Казакстандын аймагы аркылуу РФтин Оренбург облусунан КР жарандарын чыгарып кетүү үчүн кезектеги транзиттик коридор уюштуруп берүү макулдашуусу жетишилди. Мигранттарды Россиядан кайтаруу автобустар колоннасы менен бир нече этапта ишке ашырылат.

Ошол эле учурда Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо максатында, Москвадан, Новосибирсктен жана Екатеринбургдан туруктуу негизде Россиядан Кыргызстанга учкан чартердик каттамдардын саны олуттуу түрдө көбөйтүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.