Намангандык аткаминерлер жумушсуздарга багытталган каражатты кымырып алышкан

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 15:49
0 ой-пикир

Наманганда жумушсуздарга багытталган 216,2 миллион сум (21 миң доллар) бюджеттик каражат уурдалды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Наманганда Иш менен камсыздоого көмөктөшүү борборунун кызматкерлери жалган документтерди даярдашып, коомдук иштерге 204 киши тартылганы тууралуу отчет беришкен.

Документте аты аталган кишилер борборго иш издеп кайрылышкан эмес. Аткаминерлер документтерди жасалмалоо жолу менен 216,2 миллион сумду кымырып алышкан.

Борбордун кызматкерлерине карата “Каражатты уурдап алуу же коромжуга учуратуу”, “Документ жасалмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

7-июлда Ташкентте «Махалла» кайрымдуулук фондунун кызматкерлери социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө багытталган 95,8 миллион сумду (9,3 миң доллар) уурдап алышканы белгилүү болгон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.