COVID-19: бир күндө 7 адам каза тапты, 412 киши жаңы катталды

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 11:10
0 ой-пикир

Кыргызстанда 4-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 412 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 37 миң 541 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 114
  • Ош – 43
  • Чүй облусу – 37
  • Ош облусу — 39
  • Талас облусу – 17
  • Нарын облусу – 21
  • Ысык-Көл облусу – 41
  • Жалал-Абад облусу – 70
  • Баткен облусу — 30 адам.

Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) дагы 7 киши каза болду.

Бишкек шаарында 3 киши, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Талас облусунда 1 адам көз жумду.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1427 киши кайтыш болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.