Болгону 5 айдан кийин… COVID.kg маалыматтык платформасы иштелип чыкты

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 16:49
0 ой-пикир

Калктын коронавирус боюнча маалымдуулугун жогорулатуу максатында атамекендик IT-адистер Саламаттык сактоо министрлигинин адистери менен биргеликте жаңы ресурсту иштеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

«COVID.kg — коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал боюнча иштелип чыккан бирдиктүү маалыматтык платформа, ал жерден мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билсе болот. Кызыкдар тараптар өздөрү үчүн кызыктуу маалыматты таба алышат», — деп айтылат маалыматта.

Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар келтирилген:

-айыккан жана ооруп калган адамдар жөнүндө акыркы жана расмий статистика;

— ачылган стационарлар;

— пандемияга каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча акыркы жаңылыктар;

— ыктыярчылардын ишмердүүлүгү;

— гуманитардык жардам боюнча отчеттор;

— дүйнөлүк статистика;

— дарыгерлердин сунуштамалары.

Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, бул аянтчада берилген маалыматтын сапаты боюнча атайын сурамжылоо жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, коронавирус алгачкы ирет Кыргызстанда март айында катталган. Ушул тапта илдетти жуктурган учурлардын саны 37541ди түзөт. Алардын ичинен 28 743 киши айыгып чыкты, 1427 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.