Убадаланган компенсацияны коронавирус жуккан 4 гана медик алды

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 13:20
0 ой-пикир

Коронавирус жуктурган 40 медицина кызматкеринен компенсация төлөө боюнча арыз түшкөн. Алардын болгону төртөөнө акча каражаты бүгүн которулуп берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин каржы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

Ал иш учурунда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом кенемте, эгерде медкызматкер же саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкери коронавирустан каза боло турган болсо анын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте төлөө каралганын айтып өттү. Бирок кенемте төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия кызматтык иликтөө жүргүзөт.

3-августка карата коронавирус жуктурган 40 медкызматкерден кенемте алуу боюнча арыз түшкөн.

«Алардын төртөө боюнча кенемте бүгүн төлөнүп берилет. Калгандары керектүү документтер туура эмес толтурулгандыктан кайра иштелип чыгууда. Коронавирус жуктуруп каза болгон медкызматкер же саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө тууралуу айтсак, эки үй-бүлөгө 1 млн сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары, комиссия тарабынан калган учурлар каралууда», — деди Баймурзаев

Эскерте кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 829 учур катталды, алардын ичинен 73 каза тапты .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.