Профсоюз активисттери митингке чыгышты

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 13:45
0 ой-пикир

Бүгүн 3-августта, Кесиптик кошуундар федерациясынын активисттери борбор калаада акция өткөрүштү. Он чакты адам мекеменин алдына чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганын «Азаттыкка» Курулуш өнөр жайчылар кеиспртик кошуунунун төрагасы Элдияр Карачалов билдирди.

Анын айтымында, активисттер мамлекет башчыдан кесиптик кошуундар уюмунун айланасында түзүлгөн кырдаалга көңүл буруп, териштирүүнү атайын кызматка өткөрүп берүүнү суранышты.

«Бир топ кылмыш иштери козголгон, — деди ал. — «Биз тарап болобу, тигил тарап болобу, баарын чогултуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитеттин кароосуна өткөрүп бергиле» деген талап менен Сооронбай Шариповичке кайрылдык. Милицияга жана Финполго караганда баарын бир мекеме алса депутаттардын таасири азыраак болот деген ойдобуз. Профсоюздардын ишине байланыштуу жазылган мыйзамдарга да каршылыгыбызды билдирип келатабыз».

Профсоюз жетекчиси Асанакунов төрагалык кызматтан мыйзам негизинде алынганын жана буга быйыл февралда Кесиптик кошуундар бирикмесинин кеңешинин чечими себеп болгондугун кошумчалады.

Эске салсак, Республикалык федерацияга жетекчи болуп 2017-жылы Мирбек Асанакунов дайындалган.

Асанакунов федерацияны мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту былтыр канааттандырып, бирок Жогорку сот быйыл январь айында жокко чыгарган.

Буга чейин бир нече ирет Бишкекте Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.