Дагы 20 медкызматкер коронавируска кабылды. Жалпы 2829

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 11:40
0 ой-пикир

Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 4, Жалал-Абадда 3, Ысык-Көлдө 5, Нарында 1 жана Баткен облусунда 7 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 33 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 829 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 853 медкызматкер айыкты”, — деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 37 миң 129га жетти. Илдеттен жалпы 27 миң 927 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1420ны түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.