Бишкекте коомдук унаа, супермаркет жана кафелердин иш графиги өзгөрдү

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 19:36
0 ой-пикир

Бүгүн, 3-августтан тарта Бишкекте коомдук унаа, супермаркет жана кафелердин иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Эми шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштешет. Бирок мурункудай эле дем алыш күндөрү каттамга чыгышпайт.

Аянты 100 чарчы метрден көп болгон супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайлар эртең мененки саат 07:00дөн кечки 22:00гө чейин иштейт.

Борбор калаадагы базарлар мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Ошол эле учурда батут, велосипеддерди киреге берүү ж.б., тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат берилген жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.