Талас губернаторунун кеңешчиси эки айга камакка алынды

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 13:35
0 ой-пикир

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев эки айга камакка алынды. Бул туурасында облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Талас райондук соту жол кырсыгына себепкер катары шектелген айдоочу Шералиевдин баш коргоо чарасын тандап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал тергөө иштери бүткөнгө чейин Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Эскерте кетсек, 30-июль күнү «Тойота Форанер» унаасынын 53 жаштагы айдоочусу Марслатбек Шералиев жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп кеткен. Кеңешчи мас абалында болгон.

Велосипедчен 24 жаштагы Аскат Асыкулов ооруканада каза тапкан.

Кечээ, 1-августта Талас райондук сотунун астында 100гө жакын эл чогулуп, адилет чечим чыгарууну талап кылышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.