Талас губернаторунун кеңешчиси сүзүп кеткен киши кайтыш болду

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 15:21
0 ой-пикир

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн, 30-июль күнү болжол менен саат 17:30да Көк-Токой айылында «Тойота Форанер» унаасынын 53 жаштагы айдоочусу Марслатбек Шералиев жол жээгинде бара жаткан велосипедчен адамды сүзүп, андан кийин «Мерседес Бенц» жүк ташуучу унаасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын жыйынтыгында 26 жаштагы жаран (велосипедчен адам) аймактык ооруканага жеткирилген. Бүгүн ал өзүнө келбей, алган жаракаттардан каза тапты.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Медициналык текшерүү Марслатбек Шералиевдин мас абалында экендиги аныкталган.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү кеңешчи штаттык кызматта эмес экендигин, коомдук башталышта иштеп жаткандыгын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.