Сутка ичинде 19 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 12:38
0 ой-пикир

Сутка ичинде өлкө боюнча 19 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Ош шаарында бир, Ош облусунда 6, Жалал-Абадда 1, Ысык-Көлдө 8 жана Баткен облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 41 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 809 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 812 медкызматкер айыкты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 36 миң 719га жетти. Илдеттен жалпы 27 миң 274 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1409ду түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.