Ошко Москвадан 162 кыргызстандык учуп келди

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 10:45
0 ой-пикир

Кечээ, 1-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын борту менен «Москва – Ош» багыты боюнча 162 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалым болгондой, бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Комиссия тарабынан түзүлдү.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар кирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.