Бишкекте айрым стационарлар жабылды

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 14:40
0 ой-пикир

Бишкекте айрым стационарлар кайрылган жарандар өтө аз же такыр жок болгондугуна байланыштуу ишин токтотууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, кечээ күнү күңдүзгү стационарларга 1 миң 176 адам, ал эми 1-августтан 2-августка караган түнү түнкү стационарларга 192 киши кайрылган.

«Чыгымдарды оптимизациялоо жана күз-кыш мезгилине адам ресурстарын сактоо үчүн кайрылуулар аз болгон айрым стационарлар ишин токтотууда. Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанда ачылган түнкү стационар жана «Сейтек» мектебинде ачылган күндүзгү стационар ишин токтотту. «Жал» кичирайонундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат. Калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат. Кайрылуулардын санына байкоо жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.