Арак таппай, санитайзер ичип алган он адам каза тапты

Аалам, Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 16:02
0 ой-пикир

Арак таппай, санитайзер ичип алган он адам каза тапты. Бул тууралу “Newsweek” журналы жазды.

Индиянын Андхра-Прадеш провинциясында карантин маалында дүкөндөр жабык болгондуктан, алкоголдук ичимдик табылбай калган.

Бул провинциянын Куричеду кыштагындагы жыйырмадай тургуну айласы кеткенде арактын ордуна санитайзер ичкен. Алардын ону ууланып, каза тапкан. Алар 25тен 65ке чейинки жаштагылар болгон

Полиция уулангандар санитайзерге минералдык суу жана кадимки сууну кошуп алып ичкенин аныктады. Андхра-Прадеш провинциясында коронавирустан 10 миңдей адам жабыркаган. Жалпы Индия боюнча 1миллион 756 миң 220 адам вируска кабылган, 37 миңден ашуун киши каза тапкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.