С.Жээнбеков: Пандемияда чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 15:30
0 ой-пикир

Коронавирус пандемиясы учурунда чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум, дейт президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде.

«30-июнь жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, бул илдеттен каза болгон мекендештерибизди эскердик, аларга арнап куран окудук. Кайтыш болгон бир боорлорубуздун жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам…

Бул илдет ар бир кыргызстандыктын тынч жашоосуна бүлүк салды. Көптөгөн мекендештерибиз аза кайгысын тартышты. Мен дагы чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум… Баарыбыздын тагдырыбыз бир болуп турат. Эми мына ушул кыйын күндөрдөн да чогуу, биримдикте Кудайдын колдоосу менен буюрса чыгабыз деп элибизди ишендирип кетмекчимин», — деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү кырдаалды адистер «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат.

«Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок мындай шашма баа берүүгө дагы эрте. Эмне үчүн дегенде өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Окуп-көрүп жатабыз. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек.

Кээ бир ушул пандемия токтоп калды, азайды деп карантинди алган өлкөлөрдө дагы, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып жатат. Ошондуктан биз дагы деле кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, ар ким өзүн, өз жакынын коргоосу зарыл болуп турат. Ошондуктан биримдик менен бирге бекем тартипти унутпайлы.

Негизги көңүл дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларыбызды кышка даярдоо, жаңы ооруканаларды куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү дегендей иштерди жүргүзүп жатабыз.

Азыр мына ушул иштерди катуу көзөмөлгө алдык, өкмөт бул багытта иштеп жатат. Кырдаал көзөмөлдө. Дагы бир ирет өзгөчө баса белгилеп кетем. Кырдаалды мамлекеттик органдар, өкмөт гана оңдой албайт. Ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти катуу кармасак, бул илдетти буюрса жеңебиз», — деди президент.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.