Россия Ысык-Көлдүн аймагында аскердик учактарын машыгуудан өткөрдү

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 10:25
0 ой-пикир

Россия Ысык-Көлдүн аймагында Су-25СМ учактарын машыгуудан өткөрдү. Бул тууралуу 31-июлда «Известия» басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, машыгууга он Су-25СМ учагы жана 100 аскер кызматкери катышты. Алар «Эдельвейс» полигонунда өткөн машыгууда өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

«Учактар шарттуу түрдө душман катары белгиленген бутаны соккуга алып, командалык пунктун, техникасын, ок атуу каражаттарын жок кылды. Башкарылбай турган С-8 ракеталардын 50 даанасы чыгарылды. Мындан тышкары 20 авиабомба ташталды», -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында Россия Федерациясынын бир нече аскер объектилери жайгашкан. Алар «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар айылындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Быйыл 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков РФнын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын макамы жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.