Кышында светсиз калабызбы? Президенттин жообу

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 15:06
0 ой-пикир

Бүгүн, 1-августта президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радио» менен маек курду. Анда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышы кышта электр жарыгысыз калбай тургандыгыбызга кандай кепилдик бар деген сууро узатылды.

«Бул маселе бир эле бизде эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто дээңгелде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы суу сактагычтарга дагы — эл аралык маанидеги суу сактагычтар бар: Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды. Айрыкча, суу июнь менен июль айларында келет. Былтыркыга караганда азыр 2 млрд 400 млн куб суу аз болуп турат. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого карап, анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Жакшы үмүт менен жакшы тилек тилеп туралы. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн мүмкүнчүлүк бар. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буйруса», — деди президент.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.