Финпол волонтерлорго кысым көрсөтүлүп жатат деген маалыматты төгүндөдү

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 22:14
0 ой-пикир

Финпол кызматкерлери волонтердук кыймылга кысым көрсөтүп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, башкармалыктын кызматкерлери волонтердук кыймыл өкүлдөрүнө карата эч кандай текшерүү жүргүзгөн эмес. Мекеме мындай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын жана коомчулукту адаштырып жатканын белгилөөдө.

«Учурда «Жалал-Абад жаштар кыймылынын» өкүлү Наргиза Караева менен иштешип жатабыз. Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгы кысымга алган кызматкерди тактап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин Kaktus.media сайттында «Жалал-Абад жаштар кыймылы» аттуу ыктыярчылар тобуна Финансы полициясы басым көрсөтүп жатканы боюнча макала чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.