Быйыл 1-класска барган жеткинчектер мектеп босогосун аттайбы?

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 16:04
1 ой-пикир

Кыргызстанда 2020-2021-жылдагы окуу жылында 1-класста барган окуучулар мектептен билим алышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 1-августта «Биринчи радиого” курган маегинде билдирди.

«Коронавирус пандемиясы билим берүү тармагын санариптештирүүнү тездетти. Муктаждык жаралып, окутуу процесси толугу менен аралыктан окутууга өткөнгө шарт болду. Буга өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Баарыбыз тең көнүп калганбыз да. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп келгенбиз.

Мына ушундан улам, албетте, ата-энелерибиз, айрымдары нааразы болушу мүмкүн. Баланы окутуудан тышкары башка үй тиричилиги бар, жумушта иштеш керек дегендей маселелер көп. Ошондуктан кээ бир наразычылыктар болууда.

Кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алдым. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө.

Бирок, 1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдомун. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат», -деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2 миңден ашуун жалпы билим берүүчү жана 60 жеке менчик мектеп бар. 25-июнга карата 13 820 бала 1-класска кабыл алынган. Балдарды мектепке кабыл алуу 1-сентябрга чейин уланат.

Быйыл 1-класска барган жеткинчектер мектеп босогосун аттайбы?” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Наргиза

    Кырдаал ушундай болуп жатса мектепке 1- класс балдарывызды жонотуу коопту

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.