Акыркы суткада 22 медкызматкер коронавируска кабылды

Окуялар тизмеги 01 Авг 2020 12:25
0 ой-пикир

Акыркы сутка ичинде 22 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте бир, Ош шаарында 4, Ош облусунда 9, Жалал-Абадда 3 жана Ысык-Көлдө 5 медик ооруп калды. Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 49 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 790 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 766 медкызматкер айыкты.

Республика боюнча 73 медицина кызматкери, алардын ичинен 44 дарыгер, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус инфекциясынан каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.