Президент кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 08:55
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайм.

Бүгүн Жараткан Кудайдын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.

Быйыл Курман Айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз.

Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм.

Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт–таалай каалайм.

Бүгүн чалган курмандыгыңыздарды Жараткан кабыл кылсын, кайрымдуулук иштериңиздерге арбын сооп берсин.

Баардыгыбызды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчык болсун.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым Өзү колдосун!»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.